У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук театр И.Раззаковдун 110 жылдыгына арналган "Раззаков" спектаклин иштеп чыгышты


Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры пандемия шартында дагы бир спектаклди сахнага алып чыгышты. Бул тууралуу театрдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, спектакль мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналып сахналаштырылган. Чыгарманын автору Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев.

"Жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев режиссерлук кылган  "Раззаков" спектакли пандемия учурунда сахналаштырылып, жабык эшик артында көрсөтүлдү. Пандемия аяктап, жай турмуш келгенде спектаклдин бет ачаарын тартуулайбыз. Сүрөтчүсү: Юлдаш Нурматов, Балетмейстер: Алина Мамбеталиева, Башка ролдо: Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев жана Жеңишбек Сманов. Спектаклде театрыбыздын  корифей мастерлери ойношот" дейт маалыматта.

Эскерте кетели, учурда аталган театр жалпы оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыгына жана пандемия шартына байланыштуу аралыктан иштеп жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter