У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лексус күнөөлүү...БТР менен жеңил машиненин кагылышы тууралуу башкы штаб маалымат таратты

Жол кырсыгы тартылган видеодон алынган кадр.

Учурда БТР менен «Лексус-470» автоунаасы катышкан жол кырсыгы тартылган видеолор социалдык тармактарга активдүү тарап, кызуу талкууга алынууда. Аталган кагылышуу тууралуу  Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы маалымат таратты. 

Маалыматка ылайык, 16-октябрда Бишкек шаарында өзгөчө абал режиминде блок-посттордо турган аскер техникалары Патрулдук милициянын кызматкерлеринин коштоосунда кетип бараткан. Профсоюзный көчөсүндө «Лексус-470» автоунаасынын айдоочусу жол эржесин бузуп, аскер техникалары бараткан колоннаны ашып өтүүгө аракет кылган учурда БТР-70 М менен сүзүшкөн.
Кырсыктан жараат алгандар жок. БТР эч нерсе болгон эмес, ал эми автоунаа жабыркап айдоочусу Патрулдук милицияга өткөрүп берилген. Машиненин ээси комментарий бере элек.

Буга чейин аскер техникасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын №5 өткөрмө жайында дубалды сүзүп кулатып, ал да талкууга жем таштаган. 







Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter