У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аида Исмаилова: "Коронавируска каршы кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан иштер чабал болууда"


Облустардагы саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер жана адистер менен 17-октябрда өткөрүлгөн онлайн кеңешмеде вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавируска каршы кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан иштер чабал экенин айтты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Исмаилова илдетке каршы республикалык штабдын жыйынында айтылган маалыматтар менен онлайн кеңешмеде берилген маалыматтар эки башка чыгып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, жетекчилер жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, дары-дармек каражаттары жетиштүү деп маалымат бергени менен, иш жүзүндө ага шайкеш келбеген учурлар болууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter