У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эски аянттагы Жапаровдун тарапташтары "Ысык-Көл" мейманканасын көздөй жөнөштү


Президенттин отставкасы талап кылган Жапаровдун тарапташтары дале тынчый элек. Алар бүгүн эртең менен эски аянтка чогулуп, "Ысык-Көл" мейманканасын көздөй жөнөштү. 

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда Өкмөт үйүнүн алдына 100 чамалуу адам чогулган. Ошол эле маалда "Ысык-Көл" мейманканасынын жанына дагы Жапаровдун тарапташтары жыйналууда.

Митингчилер Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышууда. Кечээ кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын айткан.  Анын айтымында, сүйлөшүүлөр бүгүн саат 11.00дө башталмак. 

Эске салсак, "Ысык-Көл" мейманканасы мамлекеттик резиденциянын жанында жайгашкан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter