У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коңшулар вирустан сактанып жатат... Ал эми вирус тарап жаткан өлкөдөн келген Кыргызстандыктар текшерүүдөн качышкан...


Tengrinews.kz маалымат булагы Алматы шаарында Түштүк Кореядан учуп келген учакты толугу менен карантинге алгандыгын жазды. Маалыматка караганда учактагы жүргүнчүлөрдүн 93ү Казакстандын, калган 7 адам башка өлкөнүн жараны. Алматы шаарынын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетексичи Тлеухан Абилдаевдин айтуусунда жүргүнчүлөрдүн дени сак, ошентсе да калктын саламаттыгы үчүн 14 күнгө карантинге алынат.
 

Ал эми короновирус тарап жаткан өлкөлөрдө болуп кайткан Кыргызстандын жарандары тескерисинче вирустуу өлкөдөн келе жаткандыгына карабай, текшерүүдөн качууга аракеттенишкен. Алар чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда ID-карта көрсөтүп, жалпы жарандык паспортун жашырышкан. Мындай көз боёмочулук менен 13 киши кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Жалбиев билдирди.  Аталган 13 жаран коронавирус тарап жаткан өлкөлөрдөн — Япония, Италия, Иран, Кытай жана Түштүк Кореядан кайтып келе жаткан. Алар карантинге жаткырылды. 


Мындай көрүнүштөрдөн улам,  мындан ары Кыргызстанга кирип жаткан жарандардан ID-карта эмес, жалпы жарандык паспорт талап кылынат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter