У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеке ишкер И. Ташов митингде каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө үй берди


 
5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы өткөн нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жеке ишкер Имамидин Ташов көңүл айтып, куран окутуп, аза кайгысын тең бөлүшүп келди. 
 
Бул тууралуу журналист Эльнура Кулуева социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

«Үмүт өмүрүн берди... бирок элдин үмүтү мындан ары өчпөсө экен...
Жалгыз уулун жоготкон ата-энеге "Сиздер Үмүтбектен айрылсаңыздар, эл  сиздердин  үмүттү жандырса дейм... Чырактай өмүрү өчкөн  кыргыздын уулуна менин да жүрөгүм сыздады. Сиздердин кайгыңыздарды сырттан карап тура алган жокмун. Ушундай дилгир, алдыга умутулган уулду өстүргөн экенсиздер. Ошол үмүтүңүздөр өчүп турганда... жердеши катары жаныңыздарда болгум келди"-деп  ак дилин билдирди. Жеке ишкер бул үй- бүлөгө жардам болсун деп батир  берди. Дөө-шаа саясатчылар мамлекеттин тагдырын тартышып жаткан маалда... кыргыздын бир уулу...  бир үй бүлөнүн көз жашын сүртүп, аларга кайрат тиледи. Мунун өзү кыргыздагы жакшы касиеттин бир белгиси. Ушул жасалган нерсени сасык, пенделик саясатка сүйрөбөгүлө…Элибизде кайрымдуу, үмүт арта турган, адамдарга жакшылык тартуу кылган азаматтар бар. Кудайга шүгүр. Эл үнү айтылган митингинин акыркы курмандыгы сен бол, Үмүтбек!..  Имамидин мырзага Алла ыраазы болсун!!!  Сиздей жакшылык жасаган уулдар көп болсун... Башка сөз айта албайсың...»,-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter