У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бек Борбиев: "Садырды башынан эле колдоп келгем. Раим болсо кайда экени тууралуу отчёт бербейт"


Ырчы Бек Борбиев буга чейин Райым Матраимов досу экенин, мурдагы президент Курманбек Бакиевди колдоорун ачык айтып келген. Бул сапар жаңы эле Премьер-министр болгон Садыр Жапаровду колдойт экенин, Раим досу тууралуу үн катты. Текстти өзгөртүүсуз беребиз: 

Учурдагы кырдаал боюнча эки сөз. Сооронбай Жээнбеков сөзсүз кызматын тапшырышы керек, бирок өлкөнү мыйзам талаасына киргизип коюп кетүү керектигин юрист эмес, жөнөкөй адам деле түшүнүп турат. Мөөнөтүнүн акырына чейин иштесин дегендерди колдой албайм, Ак үй өрттөндү, ага моралдык укугу калган жок. Экинчи сөз "Раим досуң кайда? Эмне болду досчулугуң?" дегендерге: 
Ал мага эч качан кайда жүргөнү боюнча отчет берген эмес. Ал эми мамиле кандай болсо ошондой сакталып калса керек. Менин досторумдун алды премьер министр, генеральный прокурор, ж. б чоң кызматтарда болгон. Ал эми кээ бири тескерисинче кырсыктап көп жылдан бери түрмөдө олтурат. Кээ бир досторум бул дүйнө менен кош айтышып кеткен. Кандай шартта болсо да алар менин досторум бойдон кала бермекчи. Бул эми ар бир эркекте болгон касиет деп билем, түшүнгөндөр түшунөт.

Жакында болуп өткөн революция, мен төртүнчүсү деп эсептейм. Биринчи 2005- жыл, 2010- жыл, анан 2017- жылкы кансыз революция. Дал ошол революцияда кыргызга келген Атамбаев деген кырсыктан кутулганбыз (ал үчүн Жээнбековго рахмат). Ал эми төртүнчүсү жакындагы болуп өткөн акыл эстин төнкөрүшү. Мурдагы революциялардан айырмасы - жалпы эл көтөрүлдү, Ала-Тоонун кырк аймагы козголду, мурда мындай болгон эмес, билебиз. Эл өлкөнү «приватизация» кылып алган партиялык байларга, коррупционерлерге, алдамчыларга каршы баш көтөрдү. Алар азыр күчтүү, акчалары көп, ошондуктан Садыр Жапаровго жана анын командасына абдан кыйын болот, жалпы элдин колдоосу болбосо, жыгылып бериши мункун.

Андыктан кудай колдосун, куч кубат берсин демекчимин. Садырды колдоп эми чыга калды дегендерге айтаарым, башынан эле колдоп келгем, аны ушул фейсбук баракчамды барактап окусаңыздар болот. 5-октябрда эле пост жазайын деп токтоп калдым эле, зыяным тийип калбасын деп. Райымдын досу, Бакиевчил болгон Бек Жапаровду колдоп атат деп кыйкырып чыккандар болмок. Эми деле чыгышат, анткени казынага кол салган уурулар чындыгында Садырдан коркушат. Мен - саясатчы эмесмин, ыр дүйнөсүндөгү саякатчымын. Андыктан бул пост менин жеке ой жүгүртүүм, жүрөккө жакын кабыл албаңыздар.  Жергебиздеги бейпилдик, келечек ар бир жарандан байланыштуу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter