У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташып, көмүр казуу иштери улантылууда


Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты. Учурда көмүр казуу иштери жүрүп, кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийдегүл Зоотбекова 12-октябрда билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Кара-Кече кенинен бир суткада орто эсеп менен 3500 тонна көмүр чыгарылып жатат. Күн сайын 150-170 машине «Борбордук» участогунан көмүр ташууда. Азыр 270 000 көмүр казылып, жүктөөгө даяр турат.

Зоотбекованын маалыматына караганда, кенде жумушчулар күнү-түнү иштеп жатышат. Кенге алып барган убактылуу жолдо транспорттун өтүшү үчүн кооптуу аймак дагы эле бар.

Эске салалы, Бишкекте парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциясынан 6-октябрга караган түнү массалык тополоң менен аяктагандан кийин ошол күнү Кара-Кече көмүр кенин топ киши басып алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter