У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абактан чыгышыӊызга себепкер болгондорду куугунтуктай баштадыӊызбы?

Премьер-министр Садыр Жапаровго оӊтойсуз суроолор?..

- Садыр Нуркожоевич, элдин талабы, басымы менен премьер-министр болуп келдиӊиз чынбы? Бирок сиздин шайланышыӊыз легитимдүүлүк жагдайы күмөндүү болуп калганын юристтер айтышууда.  Себеп дегенде мыйзам боюнча премьер-министрди шайлоо үчүн депутаттардын 3төн экиси өздөрү катышууга тийиш эле, ыраспы? Бирок 41 депутат катышып, калганын ишеним кат аркылуу эле жымсалдап салдыӊар. Ушул туурабы? Демек, 10 депутат чогулуп алып, 90 депутаттын ишеним катын ар кандай жол менен чогултуп келип, премьер шайланып алса  боло береби? 

Экинчиден, шайлоого нааразы болгон 12 партиянын, жаштардын арты менен түрмөдөн чыктыӊыз, чынбы? Нааразычылык акциясынын башында Тилек Токтагазиев, Жанар Акаев, Темирбек Асанбеков, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабалдиева, Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев, Жеӊиш Молдакматов, Клара Сооронкулова, Мрбек Мияров, Алтынбек Сулайманов сыяктуу көптөгөн лидерлер, негизигиси өзгөрүүнү каалаган жаштар жүрдү.
 
Анан ушул жаштардын, жогорудагы аты аталган лидерлердин арты менен абактан чыгып, премьерликке чейин жетип, эми кайра сиздин түрмөдөн чыгышыӊызга себепчи болгондорду куугунтуктап жатканыӊыз адилеттикке жатабы? Акыйкатсыздыктын арты жакшы болбой турганы башыӊыздан деле өттү го? Эмнеге сабак албайсыз? Абактан чыктыӊыз, бирок сот сизди актай элек туурабы?

Жаштардын тилек-максат, үмүтүн уурадап алгандын арты жакшы болобу? «Кумтөрдү» улутташтырыштын кажети жок, алтыны калбай калды дегенди айта баштадыӊыз, ыраспы? Эгер алтын калбай калса, анда эмнеге Канадалыктар 2036-жылга «Кумтөрдү» иштетүүгө уруксаат алган деп ойлойсуз?  «Кумтөр» маселеси кызматка жетүүнүн куралы беле?


Пикир калтыруу
  • Kek
  • 06-11-2021, 16:37
  • : 16:37
    • Нравится
    • 0
Hi, this is Anna. I am sending you my intimate photos as I promised. https://tinyurl.com/ygyrgjo3
MERTYHR487MAWRERGTRH
MERTYHRTHYHT487MARETRYTR

MERTYHRTHYHT487MAWRERGTRH
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter