У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Sputnik Кыргызстандын кеңсесине белгисиз адамдар келип коркутуп, талап коюп кетишти (видео)

Sputnik кеңсесине белгисиз адамдар келип коркутуп, талап коюп кетишти. Бул тууралуу аталган маалымат агенттиги жазып чыкты. 
 
«Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылды.
 
Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишти.
 
Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингди чагылдырууну талап кылууда»,-деп билдирди Sputnik Кыргызстан. 
 
Буга чейин мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараган. Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков сайтка мындай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген.
 
 
Булак: sputnik.kg


Редакции Sputnik Кыргызстан угрожает группа неизвестных Около 30 человек пришли к входу в здание и потребовали отправить корреспондента на освещение митинга в поддержку Садыра Жапарова. Сказали, что "дают полчаса", иначе вернутся, устроят в офисе погромы и расправятся с охранником.

Опубликовано Элдияром Элчибеком Суббота, 10 октября 2020 г.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter