У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбеков Жапаров жана Көлбаев менен жашыруун жолукканы айтылды


Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасына 2 күн мурда "Ала-Арча" резиденциясына бара жаткан Камчы Көлбаевдин унаасы элдик кошуун тарабынан токтотулгандыгы тууралуу видео жана сүрөт жүктөдү.

Видеодон элдик кошуундун мүчөлөрү унааны жолдон өткөрбөй коюшканын көрүүгө болот.

"Мага жеткен маалымат боюнча, Камчы Көлбаевдин унаасы айланма жолдор аркылуу резиденцияга барган. Бул окуя болордон жарым саат мурда Садыр Жапаровдун унаасы резиденцияга кирип кеткен. Такталбаган маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков менен Камчы Көлбаевдин, Садыр Жапаровдун жолугушуусу орун алган", - деп жазган Темиров.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter