У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку сот: "Садыр Жапаров Жогорку Сот тарабынан акталган эмес"


Саясатчы Садыр Жапаров Жогорку Сот тарабынан акталган эмес. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматка ылайык, болгону Садыр Жапаровдун жактоочусунун кайрадан ачылган жагдайлар боюнча жазык ишти жаңыртып берүү өтүнүчү канааттандырылган.

"Жактоочу Базарбековдун өтүнүчү сот тарабынан канааттандырылып, жазык иш сотко чейинки өндүрүш үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн", - дейт маалымат катчы.

Бул боюнча интернетке тараган токтомго ылайык, жактоочунун өтүнүчү канааттандырылгандан кийин Садыр Жапаров камактан бошотулган, бирок бул акыркы чечим дегенди билдирбейт.

Жапаров 5-октябрлан 6-октябрга караган түнү митинг учурунда абактан чыгып, акталгандыгын жар салган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter