У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: "Тилек Матраимовду Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди"


Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
 
"9-октябрда өзбек чек арачылары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Махсуд Ахмедов аттуу кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Аталган адамдар 6-октябрда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалышкан",— деп айтылат маалыматта.
 
 
Аталган факт УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш кодексинин 358-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter