У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үшүдүңүзбү? Бүгүнтөн тарта үйүңүзгө жылуулук бериле баштайт


Бүгүн,  9-октябрдан тарта, Бишкекте жылуулук берилип баштайт. Тиешелүү буйрукка кол коюлганын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
 
Ага ылайык, мэрдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Алимбек Абдылдаев калааны күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча шаардык штабдын отурумун өткөргөн. 
 
Маалыматта айтылгандай, ордо калаада беш күн катары менен абанын табы +8 градус болуп кармалып турганда жылуулук берүү башталат.
 
Гидрометеорологиялык борбордун маалыматы боюнча, акыркы үч суткада абанын орточо температурасы 8 градустан төмөн болду. Ал эми 9-12-октябрь күндөрү дагы абанын температурасы 8 градус болору болжолдонгон.
 
Ошондой эле борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан оорукана, клиника жана башка мекемелерди эске алуу менен эртеңден тарта жылуулук берүү чечими кабыл алынган.
 
"Объектилерге жылуулукту берүү адаттагыдай эле бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчиден, жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объектинин кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы жөнүндө актысы бар турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге бериле баштайт", — деп айтылат маалыматта.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter