У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финансы министрлигин жамааты министрди кызматтан кетирүү талабын коюп жатышат


Финансы министрлигинин эмгек жамааты бүгүн, 8-октябрда министр Бактыгүл Жээнбаеваны иш ордуна киргизбей коюшту. 

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда министрликтин кеңсесинин алдында жетекчиликке нааразы болгон кызматкерлер топтолуп турушат. Алар Жээнбаеванын жолун тороп, имаратка киргизбей, кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Буга алар «Жээнбаева Финансы министрлигин башкарган эки жыл ичинде эмгек жамаатын эки бөлүп койгон, кызматкерлер министрдин өзүн колдогон сүймөнчүктөр жана көңүлүнө жакпагандар болуп бөлүнүп калган» деген жүйө келтиришүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter