У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Момбеков: «Кайра эле мыйзамсыз бийлик орноодо…»


Мыйзамсыз спикер менен премьер- министрдин шайлануусунан кийин нааразы болгон тараптардын саны өстү. Буга депутаттардын кворуму жок эле спикерди шайлоосу, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун мыйзамсыз сунушталышы себеп болду. 
 
Бүгүн, Жогорку Кеӊештин төрагасын шайлаган депутаттар кечээ, бийликтин партиясы «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынан талапкер болгон депутаттар болду. Алардын спикерди шайлоого моралдык укуктары жок экенин башка депутаттар айтышууда. Анткени эл «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынын шайлоодогу мыйзамсыз иштерине каршы митингге чыккан. 
 
Кечээ, 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында спикер Дастан Жумабеков чакырган парламент мүчөлөрү жыйынга чогулушуп, ЖКнын төрагасына Мыктыбек Абдылдаевди шайлашкан. Кезексиз жыйына 64 депутат катышты деп айтылганы менен, бирок далилдүү фактылар менен муну көрсөтө алышкан жок. Себеби алар жыйынды жабык өткөрүшкөн. 
 
6-октябрда шайланган спикер менен өкмөт башчылыгына сунушталган Садыр Жапаровдун мыйзамсыз дайындалышына каршы болгон тарап 7-октябрда митингге чыгып, Жогорку Кеӊеш кайра чогулуп, шайлоо өткөрсүн деп талап кылууда. 
 
Учурда Жогорку Кеӊештин депутаттары эки топко бөлүндү. Бир тобу эл менен бирге митингге чыгып, бийликти басып алуу болгонун, азыркы кызмат ордуна дайындоолордун баары мыйзамсыз экенин айтышууда. Алар ЖКнын депутаттарын кайра чогулутуп, ачык шайлоо менен төрага шайлап, өкмөттү дайындоо талабын коюшууда. 
 
Жапаровду премьерликке көрсөтүлгөнүн Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбеков легитимсиз деп атады. 
 
«Кандай болгон күндө да бул легитимсиз. Анткени, кезексиз сессия боюнча төрага бардык депутаттарга кабар бериши керек. Андай болгон жок. Премьер-министрди шайлоонун жол-жобосу таптакыр башка. Биз шайлоодогу мыйзамсыздыкка каршы чыгып, талап кылып жатсак, кайра бүгүн мыйзамсыз шайлап койгону таптакыр туура эмес. Бул - бийликти рейдерлик жол менен басып алуу деген эле сөз. Анын үстүнө ал жакта добуш берген депутаттар «Биримдиктин», «Мекеним Кыргызстандын» тизмеси менен шайлоого барышкан. Алардын добуш берүүгө моралдык укугу жок. Мен эртең элге чыгып, бул мыйзамсыз экенин айтам. Бул өлкөдөгү стабилдүүлүккө кепилдик боло албайт. Кайрадан чоң чатакка алып келет. Жалаң «Кудайдан жөө качкан» депутаттарды катыштыруу менен кабыл алынган чечим реваншисттик эле аракет»,-деп Азаттыкка билдирди Момбеков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter