У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митингде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек үйдүн жалгыз уулу болгон


5-октябрда өткөн митингде жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып, каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон. Бул тууралуу  Инаят Ниматова аттуу маркумдун жердиши маалымдады.

Ал соцтармактардагы баракчасына:

"Силердин бүгүнкү күнүңөр үчүн өмүрүн, жанын берген жапжаш баланын сөөгүн туугандары бүгүн араң өлүкканадан чыгарып, туулган жери 1 миң 100 чакырым алыс болгон Лейлек жергесине алып кетишти. Эл башчылары, жаназасына кимиңер барасыңар? Акыркы сапарга баатырларча узатып койгонго убактыңар барбы?", - деп жазды.

Ошондой эле маалымат булактарына бир үйдүн жалгыз уулу болгонун айткан. 

"Үмүтбек жакшы үй бүлөнүн, тарбиялуу баласы эле. Келечекке үмүтү чоң болгон. Ал студент, Бишкектин окуу жайларынын биринде билим алып жаткан. 5-октябрь күнү башка көптөгөн жарандардай эле шайлоонун жыйынтыгына нааразы экенин билдирүү үчүн аянтка барыптыр. Эми анын артында ата-энеси жана үч карындашы калды. Атасы 44 жашта, апасы 41 жашта. Азыркы тапта биз Алтынбек уулу Үмүтбектин жаназасына баарын чакырып, баатырларча узатканга жардам берели деп жатабыз. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Кара-Булак айылына коюлат", - дейт Инаят Ниматова.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter