У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орусия Атамбаевди колдошу мүмкүнбү? Кремлдин жообу…


Кремль Кыргызстандагы азыркы абалга тынчсызданууда жана чукул арада кырдаал турукташып, укуктук талаанын негизинде абал жөнгө салынат деп үмүттөнөт.  Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 6-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. 
 
«Биз, Кыргызстандагы саясий кырдаалга тынчсызданып жатабыз жана Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр мыйзамдын алкагынан чыкпай, чукул арада бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табат деп үмүттөнөбүз»,-деди Дмитрий Песков.
 
Ошондой эле ал, Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу өлкөдөгү жарандардын тил табышуусунан көз каранды экенин айтты. 
 
«Москва мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдошу мүмкүнбү?»- деген суроого, Песков Кыргызстандын президенти Жээнбеков экенин, өлкөдөгү саясий кырдаал ички диалог менен чечиле турганын айтты. 
 
Песков Путин менен Жээнбековдун телефондон сүйлөшпөгөнүн тастыктады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter