У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Саясий куугунтук токтосун!


Сооронбай Жээнбековдун бийлиги саясий куугунтукту күчөтө баштады. Парламенттик шайлоо башталганы Сооронбай Жээнбековдун бийлиги "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партияларын парламентке алып келиш үчүн укук коргоо органдарын, криминалык күчтөрдү аёосуз пайдаланып жатат.

КСДП партиясынын жаштар канатынын активдүү мүчөсү, жарандык активист Бердибек уулу Бейшенди укук коргоо органдары эле эмес, криминалдык элементтер да өмүрүнө коркунуч келтирип, ар түркүн жол менен саясий кысымга ала баштады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы дешип Бердибек уулу Бейшенди Ош областында партиянын иш аракеттери менен жүргөн жеринен 2019-жылы укук коргоо  органдары кармап, "Атамбаев менен кандай темаларда сүйлөшүп жатасың, үйүндө эмне бар, кандай пландарды иштеп жатасыңар, үйү канча бөлмө, канча жан сакчысы бар" деген суроолорду берип, кыйноого алышкан.

Бердибек уулу Бейшен эч кандай мамлекеттик саясатка каршы иш аракет жасабаганын айтса да ишенишпей, акыры криминалдык элементтердин колуна салып беришкен. Криминадык элементтер физикалык жактан жок кылып коюу оңой экенин айтышып, коркутушкан.

Жарандак активист Бердибек уулу Бейшен андан соң өзү жашаган Чүй областынын Сокулук районуна келгенден кийин да артынан аңдуулар, телефон тыңшоолор, коркутуулар токтогон эмес.

24-сентябрь 2020-жылы "Фабула" сайтына чыккан "Пандемиядагы кредиттер кайда" деген Бердибек уулу Бейшендин макаласы үчүн бийлик жана криминалдык элементтер тарабынан коркутуулар күчөп, өмүрүнө коркунуч жарала баштады. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги мындай бандиттик режимден баш тартып, мамлекетти мыйзамдуу жолго салбаса акыры жакшы болбойт...

Бердибек уулу Бейшен  жарандык позициясы жана өлкөдө болуп жаткан коррупцияга каршы тургандыгы үчүн 2019-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошол жылы Москва шаарынан жашаган батирине ууру кирип, полиция текшерүүгө алганда Бердибек уулу Бейшенге саясий негизде кылмыш иши Кыргызстандан козголгонун билдирет.

Айдар Эсенгул уулу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter