У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" аталышындагы макалалар сынагы жарыяланды


 "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата "Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" аталышындагы макалалар сынагы жарыяланды. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
 
"Бул сынак мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө тилдин ролун, маанисин ачып берип, аны коомчулукка жеткирүү үчүн жарыяланды. Анын дагы башка максаты — эне тилин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жолдорун издөө, элдин мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу жана тилди өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткандарды даңазалоо болуп саналат", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, аталган темадагы макаланы бардык каалоочулар жазса болот. Анын санына жана көлөмүнө чектөө коюлбайт.
 
Сынак 15-октябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды. Толук маалымат алам дегендер (312) 31 57 73, (550) 15 74 53 номерлерине чалып же mamtil.kg сайтына кирсе болот.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter