У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоодон кийинки күнү, 5-октябрда, 1-класстар окубайт


Шайлоодон кийинки күнү, 5-октябрда, 1-класстар окубайт. Ал күнү мектептердин бардыгы дезинфекцияланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жиберген билдирмеде жазылган. Аталган кабарды Билим берүү жана илим министрлигинен да тастыкташты.
 
Ага ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарыла турганын айткан.
 
"Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган", — деди Боронов.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter