У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоо күнү 2 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт


4-октябрь, парламенттик шайлоо күнү, 2 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

"Милиционерлер коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Ошондой эле эпидемиялык абалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык эрежелердин сакталышын карашат. Кандайдыр бир чагымчылдык көрүнүштөр болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция COVID-19 илдетинин жайылып кетишин алдын алуу үчүн жарандарды бардык  санитардык эрежелерди карманууга чакырат.
Эске салсак, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Анда 16 саясий партия күч сынашат.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter