У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялын балталап өлтүргөн киши: “Мен аны баары бир өлтүрмөкмүн...”


Үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан Кыргызстанда аялдардын өлмүнүн саны көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат. 2019-жылдын 30-сентябрында өз үйүндө, өз күйөөсүнүн колунан дагы бир аял балталанып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Болгондо да маркумдун өмүрлүк жары аялын өлтүрүп жатканда жанында 8 жашар баласы да болгон. Аталган окуя боюнча териштирүү иштери аягына чыгып, маркумдун жолдошуна өкүм чыкты. Мыкаачы 14 гана жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратуранын адиси Нурлан Тагаев кабарчыларга айтып берди. “Аялы уктап калгандан кийин балтаны алып үч-төрт жолу чапкан. Сотто ал өкүнгөн жок, баары бир деле аялын өлтүрмөктүгүн айтты”, — дейт Тагаев. 

 
Кылмышкер сот отурумунда бул кылмышка эрте эле даярданып, окуя болгонго чейин 2 ай мурда балта сатып алгандыгын жана ошол күнү болбосо башка күнү баары бир аялын өлтүрмөк экендигин айткан. Жубайлардын ортосундагы негизги уруш телевизордун айынан чыккан. Аялы күйөөсүнүн телевизор көрүүсүнө тоскоол болгондугу айтылат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter