У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Төшөгүңүзгө карап бут сунсаңыз кантет?

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевге:

- Канат Кедейканович, «Кыргызстан» партиясы мыйзамды сыйлабастыгын агинелесе дагы, зордукка салып шайлоого катышып алганыңарды туура деп эсептейсизби? Партиянын көрнөк-жарнак, үгүт материалдарындагы оркойгон каталар, сиздердин сабатсыз экениңердин далили десек жарашабы? Буга дейре жаңы төрөлгөн наристеге 50 миң сүйүнчү пул беребиз деген удабаңарды аткарбай, эми кайра ошол убадаңарды кайталап көтөрүп чаап жатканыңарга бетиңиз кызарган жокпу? Токмок шаарында мэр болуп турганыңызда мыйзамсыз жер берген, китепканын саткан деген негизде кылмыш иши козголду, кийин бийликти күч менен басып алууга айыпталдыңыз, ушунча куйругуңузда калбырды калдыратып кантип элдин турмушун ойлогон киши болуп шайлоого баратасыз? Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп «Кыргызстан» партиясына өзүңүзгө окшогон Кудайдан жөө качкандарды топтоп баратканыңызга сыймыктанасызбы? Деги Кыргызстанга сизден кандай жакшылык болду? Төшөгүңүзгө карап бут сунуп, тынч эле жатсаңыз кантет?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter