У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаев келмек. Кой-Таш иши боюнча соттук отурум 7-октябрга жылды


Бүгүн, 2-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча иш каралмак. Бирок жактоочулардын бири ооруп келбей калгандыгына байланыштуу 7-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу  жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын биринин жактоочусу ооруп жатыптыр. Ал судьядан өтүнмө кылып, процессти жылдырууну суранган экен. Буга байланыштуу 5-октябрга белгиленген соттук отурум дагы өтпөйт. Кийинки процесс 7-октябрда саат 10:00 болот" , - дейт жактоочу. 
Эске алсак, бүгүнкү процесске мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүп жаткан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter