У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эненин жүрөгү эзилип, элинен жардам күтөт…


Үч айында ак кан оорусуна чалдыгып, 6 айдан бери химия терапия менен дарыланып жаткан 9 айлык Айлин учурда Түркиядагы ооруканада дарыланууда. Айлинди дарылоого жалпысынан 100 миӊ доллар керектелет. Азыр анын 25 пайызы гана чогулду. Эки айдан кийин бөбөккө операция жасалат. Мына ошол убакытка чейин керектүү сумманы чогултуу керек. Ал үчүн наристенин ата-энеси кайрымдуу адамдардан жардам күтөт. Кайдыгер болбой жардамга кол сунуӊуздар урматтуу окурмандар…

 - Саламатсызбы Индира, учурда Түркияда Айлинди дарылатып жатыпсыздар, кыздын абалы кандай, жылыш барбы?
- Саламатсызбы, Түркияга келгенибиз абдан жакшы болуптур. Анткени бул жакка келип, алгачкы дарылоо курсун баштагандан тартып Айлиндин абалы жакшы болуп, дарылоо өз жыйынтыгын бере баштады. Кыргызстанда онкологияда дарыланып жатканда акыркы күндөрү кызыбыз ыйлап, кыйналып, күндөн-күнгө абалы оорлошуп бара жаткан. Азыр абалы жакшы, күлүп, ойноп калды. Мунусуна да шүгүр деп, кызым күлсө кошо күлүп, жакшы болуп бара жатканына кубанып турган чагыбыз.

-Ал жакта дарыгерлер эмне дешти, кандай жол менен дарылайбыз деп жатышат?
- Биз Кыргызстанда дарыланып жатканда эле бул жактагы дарыгерлер менен сүйлөшкөнбүз. Алар кызыбызды дарылоого болот дешкен. Биз келгенден кийин да кызыбызды текшерип, толук анализдерди алып, дарылоо курсун башташты. Айыктырууга мүмкүнчүлүк бар дешти. Бишкекте дарыланып жатканда да химия терапия алганбыз да. Азыр болсо химия терапиянын күчтүү дозасын алып жатабыз. Эки ай химия терапия менен дарылап, андан кийин жилик чучугун трансплантациялоо операциясы жасалат. Ошол эки айда донор табышат. Азыр бизди операцияга даярдап жатышат. 

- Каражат жагы кандай болуп жататКерек болгон сумманын канча пайызы топтолду?
- Айлинди дарылоого жалпысынан 100 миӊ доллар керек. Азыр ушул сумманын 25 пайызы топтолду. Бул дагы элдин жардамы менен ишке ашып жатат. Биздин кызыбыздын айыгып кетишине, дарылануусуна салым кошкон ар бир адамга ыраазымын. Кудайым алардын жакшылыгын миӊ эселеп кайтарсын. Эл, элдин арасындагы кайрымдуу адамдар менен биз кызыбызды дарылатып жатабыз. Ушундай оор күндө колдоо кылган элиме таазим. Жардам берген ар бир адамга жолугуп, ыраазычылыгымды билдирип, таазим этким келет. Бирок азыр ал мүмкүн эмес. Учурдан пайдаланып жардамга кол сунгандардын баарына ыраазычылык билдирип кетейин. Урматтуу кыргыз элим, жардамга кол сунган асыл адамдар, сиздерге ыраазыбыз. Жакшылыгыӊыздар сиздерге ден соолук, узун өмүр болуп кайтсын, Кудайым бөөдө кырсыктан сактап, эч качан оорубаӊыздар!

- Керектүү каражаттын 25 пайызы гана чогулуптур, ушул чогулган акча азыр дарылоого жетип жатабы?
- Азырынча дарылоого жетип жатат. Биз бул жактагы дарыгер менен каражатты бөлүп төлөйлү деп сүйлөшкөнбүз. Алар биздин шартка макул болушкан. Жаӊы келгенде 15 миӊ доллар бердик. Ошол каражат менен азыр дарылап жатат. Эми жакында экинчи химия терапияны баштоого кайра 15 миӊ доллар беришибиз керек. Калган сумманы трансплантациянын алдында беребиз. Келгенибизге эки жума болуп калды. Убакыт өтүп жатат. Эки ай бат эле өтөт. Каражатты убагында чогултуп калсак экен деп азыр болгон аракетти көрүп, кайрымдуу адамдардан жардам суроодобуз. Урматтуу элим, биздин кызыбызды сактап калууга жардам берүүӊүздөрдү суранабыз. 

- Ата-энеси донор болсо болот бекен?
- Атасы экөөбүздөн анализдерди алышкан. Жыйынтыгы бир жуманын ичинде чыгат.  Эгер биздин анализдер жакшы чыгып, кызыбыздын клеткалары менен туура келсе өзүбүз донор боло алабыз. Андай болбой калса Түркиядан донор издешет. Бул жактан да донор табылбаса Европадан карашат экен. Атасы же мен донорлукка жарап калсак экенбиз деп тилек кылып жатабыз. Өзүбүз донор болсок каражат да азыраак кетмек… «Сокурдун эӊсегени эки көз» дегендей, донор табылып, каражат чогулуп кызыбызды сактап калсак экен деген ой менен эле күн кечирип жатабыз. Аман-эсен сакайып үйүбүзгө барган күндү Кудайым насип этсин деген эӊ башкы максатыбыз болуп турат. Бала оорубасын, эч бир наристенин оорушун каалабайм, ар бир бөбөккө ден соолук каалайм. Үмүтүбүз, таянычыбыз элибиз болуп турат. Биздин кайгыга кайдыгер карабаган адамдар чыгып, кызыбыз сакайып, кубаныч менен мекенибизге барабыз деп ишенем! 

↪🆘️Реквизиты для оказания помощи: Demirbank BIC 118005 SWIFT: DEMIKG22 ОКПО26151375 Расчетные счета: 1180000029245407 KGS 1180000029245508 USD Карта Visa 4215 8901 3513 2709 Indira Sapanova -мама Айлин Элсом  0706090925  Сатыбалдиев Талант папа Айлин Zelle +15138288186 Сбербанк 5469 4000 2123 2439 Асель Алмазовна АО Kaspi Bank 5169 4971 6027 5073 Ажмуратова Раиса Хамбаровна KZ39722C000027784135






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter