У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үйдөн чыккан өрт эки баланын өмүрүн алды

Казакстандын Тараз шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, эки баланын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Жамбыл облусунун администрациясынын басма сөз кызматынын берген маалыматына таянып жазып чыгышты. 
 
Маалыматка ылайык, 1-октябрда саат 9:53төр чамасында өрт өчүрүү кызматына Тараздагы үйлөрдүн биринен өрт чыкканы туурасында маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө сегиз кызматкер жана эки өрт өчүрүүчү техника тартылган. Өрт саат 10:17де толук өчүрүлгөн. Жалпысынан өрт төрт чарчы метр жерди жалмап кеткен. 
 
Өрт өчүрүү кызматкерлери үйдөн 2018-жылы жана 2017-жылы туулган эки баланын сөөгүн алып чыгышкан. Алардын түтүнгө ууланып каза болгону айтылууда. Ошондой эле үйдөн ширеӊкенин бир канча кутучасы да табылган. 
 
Алдын ала маалыматтар боюнча үй-бүлөнүн атасы ал учурда жумушта, ал эми балдардын энеси балдарын үйгө калтырып, ооруканага кеткен. 
 
Учурда өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter