У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


22 жаштагы кыз мерт кеткен. Түндө Манас аэропортуна бара жаткан жолдо кырсык катталды


(иллюстрациялык сүрөт)

Түндө "Манас" эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы чырактай кыз көз жумду. 

Чүй ЖКККББ маалымат кызматы билдиргендей, окуя 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган. Жыйынтыгында катуу ылдамдыкта бара жаткан автокөлүк ала салып кеткен.

Кырсык болгон жерден 22 жаштагы кыз мерт кеткен. Ал эми айдоочу ооруканага жаткырылган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter