У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1-6-класстын окуучулары мектептен билим алышат

6-октябрдан тартып 1-6-класстардын окуучулары кадимки режимде мектептерде окуп башташат. Мындай чечим 30-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.
 
Маалыматка ылайык, республикалык штаб менен биргеликте Билим берүү министрлигинде 1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуу боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде балдардын, мугалимдердин дене табы өлчөнөт, бет кап кийүү милдеттүү болот. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат. Ошондой эле кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда коронавирустун белгилеринин бар-жогу жөнүндө анкета толтурушат.
 
Балдар мектепке келгенге чейин мектеп дезинфекцияланууга тийиш. Дезинфекциялоого пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат. Мындан сырткары класстар желдетилип турушу зарыл. Мектептерде түрдүү иш-чаларды өткөрүүгө, ата-энелердин жана башка жарандардын киришине уруксат берилбейт.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter