У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алтындан беткап тагынып жүргөн ишкер пневмониядан каза болду


Коронавирустан сактануу үчүн алтындан беткап тагып жүргөн индиялык ишкер Шанкар Кураде пневмониядан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
 
Маалыматка ылайык, Индиянын Махараштра штатынын Пимпри-Чинчвад провинциясынын жашоочусу Шанкар Кураде вирустан сактануу үчүн 4 миӊ долларга алтындан беткап жасатып тагынып жүргөнүнө карабай, вирус жуктуруп алып, ал пневмониядан каза болду. 
 
Эске салсак, июль айында социалдык тармактарда 49 жаштагы ишкердин коронавирустан сактануу үчүн алтындан беткап тагынып жүргөнү жарыяланган.  Бет капты жасоого 8 күн кеткен, анын салмагы 60 граммды түзгөн. 
 
“Бул майда тешикчелери бар беткап канчалык деңгээлде коронавирустан коргой тургандыгын айта албайм.   Мен башка санитардык талаптарды дагы аткарып жатам”,- деген эле маркум ишкер. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter