У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чиновник пара берип жатып кармалды, УКМК кабинетинен 1,3 млн. сом тапты


Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары өзү менен иштеген адамга 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

 "Кармалган кызматкер банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткан. Мындан улам анын функцияларын өзүнүн карамагындагы кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага өз ыктыяры менен кызматтан кетиши үчүн каражат сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.
Директордун орун басарынын кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөндө 1 миллион 331 миң 300 сом табылган. Ал акча кайдан келгендиги аныкталып жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter