У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назира Айтбекова: «Тогуз жылдык өмүрлөшүӊдү кое бериш, бат эле унутуп калыш кыйын экен…»


Жолдошун көпкө чейин унута албаганын, бирок азыр баары жакшы экенин Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасына жазды. 
 
«Ушул күндү унутпайм эмнегедир. Жаңы ажырашкан, жүрөгүмдөгү жарам жаңы кез. Эркин "Эл эмне дейт" скетч шоусунда жолдошумдун ролун ойнойт. Экранда ырсактап каткырып, ролубузду жайдары ойногонубуз менен камера өчөөр замат күлкү да өчөт. Эркин жолдошума аябай түспөлдөшүп кетет. Аны кучактагым келип, жолдошумду сагынып, көргөзбөй, буулугуп ыйлайм.  Жанынан жарым карыш чыккым келбейт. Тогуз жылдык өмүрлөшүңдү коё бериш, бат эле унутуп калыш кыйын экен. Эркектердин жан дүйнөсү кандай ким билсин, бирок аял кишинин жан дүйнөсү бырчаланса, кыйраса, кайра тургузуш үчүн далай убакыт талап кылынат тура. Балаң атасына жолугуп келген соң, чачтарына сиңип калган жытты жанталашып, талгагы бар немедей жыттайсың. Уктсаң түшүңөн кетпей, турсаң оюңда жүргөн азап экен. Мээңди чыгарып, тазартып, баарын өчүрүп, жууп туруп кайра салгың келет. Айла жок. Көчөдөн ага окшош мырзалардын баары көзүңө жылуу учурайт. Ичиңде "Курсагы токпу, жылуу кийиндиби, оорубай элеби?" ж.б. миң түрлүү суроолор, тынчсыздануу, санаа бар. Көчөдөн ага ылайык көйнөк көрүп калсаң, адатынча чуркап барып, баасын сурайсың! Анан эсиңе түшкөндө шаабайың сууй түшөт. Жашооңо башка адамды киргизиш да азап аялга. Эриң алыска кетип калгандай, эртең келчүдөй, башын аттагың келбей, күтөсүң. Анын ордун кызганып, ыраа көрбөй, эч кимди ээлептпей жүрөсүң. Ал үйлөнүп алса дагы адатты ташташ кыйын болот. Адам баласы анан унутчаак келет экен. Ошол унутчаактыгыбыз болбосо, далай жаралар айыкпай, өмүр өткүчө кыйналмактырбыз. Убакыт алыстаган сайын, көздөн ыраак болгон адам көңүлдөн ыраак болуп, элеси, жыты, үнү эсиңден чыга баштайт. Анан жашооңо эзели келбеген, жөн гана түш сымал өтүп кеткендей унутасың. Ал тургай, "Ал мен эмес, менин жашоом эмес, бирөөнүн окуясы!" дегиң келет. Ичиңде не терс, не жагымдуу из калат. Тыптыйпыл. Мээңди чыгарып, жууп, тазалап, кайра салып койгондой... жашоо кызык экен. Адамдар кирет...адамдар чыгат»-деп жазды ал. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter