У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азербайжан менен Армения бир пикирге келе албай жатышат


Азербайжан менен Армения бир пикирге келе албай жатышат. Экөөнүн ортосундагы кырдаал тууралуу бир пикирге келүү мүмкүн эместигин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев түз эфирде айтты.

"Армениянын премьер-министри убак-убагы менен Карабах Армения деп жарыялоодо. Мындай учурда бир пикирге келүүнүн кандай процесси жөнүндө сүйлөшсөк болот? Тоолуу Карабах Республикасынын айланасындагы аймактар Азербайжанга өткөрүлүп берилиши керек", - деген Алиев.

Анын айтымында, Армения сүйлөшүү процессин атайылап бузуп, кабыл алынгыс талаптарды коюп жатат. Мындан тышкары Алиев Тоолуу Карабахта учурда абал өтө курч экендигин жар салды. Президенттин айтымында, Азербайжан тараптан 11 карапайым адам, анын ичинде эки бала курман болду. Аскерлер арасында дагы жоготуулар бар.

"Биз элибизди, жерибизди коргоо үчүн жооп берүүгө аргасыз болуп жатабыз" деп кошумчалаган Ильхам Алиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter