У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды


Венгриянын борбор калаасы - Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Ошондой эле иш-чарага Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышты. Өз сөзүндө ал Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Президент дагы бир жолу жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон урматтоонун дагы бир белгиси экенин кошумчалады.

"Мен Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун ысымын, анын чыгармачылыгын жана талантын терең урматташкандыгына күбө болдум. Мен кайда гана барбайын, сүйлөшүүлөрдө биздин Айтматовду ар дайым сый-урмат менен эскеришет", - дейт Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чыңгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени - офицердик крест менен сыйланганын белгиледи.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter