У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызыл зонада иштеген дарыгердин ижарага алып жашап келген батири күйүп кетти

Оору күчөп турганда кызыл зонада иштеген дарыгер Марат Сапаралиев учурда жардамга муктаж болуп турган чагы.
Ал 2 жылдан бери ижарага алып жашап келген батирден 26-сентябрь күнү кокусунан өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.


Марат Сапаралиев пандемияга байланыштуу өлкөдө абал курчуп турган учурда кызыл зонада иштеп, бош убактысында ыктыярдуу медик катары үйлөргө барып ийне сайып, тамчылатма дары коюп иштеген. Карантин мезгилинде башкалар сыяктуу эле алар дагы каражаттан кыйналып, келинчеги жумушка чыгууга аргасыз болгон.

Өрт чыккан күнү келинчеги экөө тең жумушта болгон. 

"Өрт чыккан күнү келинчегим экөөбүз тең жумушта болчубуз. 3 баламды кайним карап калган. Анан кайним нан алып келүү үчүн дүкөнгө чыгып кеткен аралыкта өрт чыгыптыр. Аны кошуналар байкап калып, балдарды үйдөн алып чыгып, өрт өчүрүү кызматын чакырышыптыр. Мен Шлагбаумдагы медициналык борборлордун биринде иштейм, жумушта отурсам үй комитети үйүңдө өрт болуп жатат деп чалды. Такси чакырып үйгө жеткиче балдарым аман-эсен болсо экен деп тиленип бардым. Жетсем, үйдүн алдына эл топтолуп калыптыр милиция, өрт өчүрүүчүлөр жүрөт, жүрөгүм түшүп коркуп кеттим. Жетип эле балдарым аманбы деп сурадым, эл "ооба, баары жакшы" деп айтканда анан өзүмө келдим. Балдарым болсо азыркы учурда жакшы. Кызым коркуп калыптыр, чочуп ойгонуп, ыйлап жатат. Балам Муса 8 жашта, Жасмин болсо 5 жашта, ал эми Муслим 3 жарым жашка чыкты. Өрттөнүп кеткен батирде 2 жылдан ашык убакыт бою айына 14 миң сом төлөп жашачумун. Учурда батирди анан дагы жабыр тарткан кошуналардын күйүп кеткен терезе жана башка буюмдарын жазап берүүдө кыйналып турабыз. Азыр болсо аталаш эжемдикинде жашап жатабыз, алар дагы батирде турат" - деп билдирди ал.

Марат Сапаралиевге жардам колун сунууга даяр кайрымдуу инсандар үчүн:
Элсом: 0700 60 65 97.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter