У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: "Президенттин сөзү менен иши дал келиши керек"


Президент коопсуздук кеңеште "коррупция менен күрөшкөн жоксуңар" деп уруша берген менен, андан натыйжа чыгышы керек. Бул тууралуу Ата Мекендин" өкүлү Жанар Акаев лидерлердин теледебатында билдирди.

"Кыргыз чиновнигинин айлыгы менен байлыгы туура келбейт. Айлыгы менен байлыгы туура келгидей кылышыбыз керек. Бажыда, салыкта, финполдо, прокуратурада иштегендер жиптерде жүрүп, хансарайларда жашап жатышат. Президенттин да сөзү менен иши дал келиши керек. Коопсуздук кеңешин өткөрүп, коррупция менен күрөшкөн жоксуңар деп урушканы менен, андан натыйжа чыгыш керек. Транспорт министринин орун басары 500 ммиң доллар менен кармалып, анын башчысын президент Коопсуздук кеңешинде урушуп, кызматтан алды. Бүгүн ал киши бийликтин партиясы менен уялбай эле шайлоого бара жатат",  - деди Акаев.

Анын айтымында, коррупция менен тандалма күрөштөн баш тартуу керек. "Ата Мекен" коррупция менен күрөшүү кызматын УКМКдан бөлүм чыгарууну, УКМКны президентке эмес, парламентке баш ийдирүүнү демилгелеп жатат.
 
Алга «Ата Мекен» — №6!
 
"Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.
Чыгарылган күнү: 29.09.2020


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter