У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


5-октябрдан тарта балдар мектепке бара баштайбы? Министрликтин жообу...


5-октябрдан тарта окуучулар мектепке барып салттуу режимде окуй баштайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. 

Буга чейин вацап тиркемеси аркылуу балдар 5-октябрдан тарта мектепке бара баштайт деген билдирүү тараган. Анда Билим берүү уюмдарында 2-6-класстардын окуучуларын реалдуу шартта окутууга даярдык көрүү боюнча" деп аталган буйругу камтылган. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул буйрукту министрлик чыгарбаганын айтып, документ реалдуу окууга даярдык боюнча гана район деңгээлинде жасалганын билдирди.

"Мындай маселени министрлик чечпейт, буйруктун бизге тиешеси жок. Чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды карап көрүп, алгач Республикалык штаб кабыл алат. Андан кийин гана министрлик буйрук чыгарат", — деди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter