У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эки колледждин имаратын реконструкциялоо иши башталды


Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жана Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин имараттарын жана курулмаларын реконструкциялоо иши башталды. Имараттарды реконструкциялоо иштер “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматта: Аталган колледждер пилоттук болуп саналат, алардын базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүүдө, максаты – областтык эмгек рынокторунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоо саналат, эксперименталдык кесиптик стандарттардын, компетенттүүлүк негизде окутуунун негизинде мыкты методологиялар жана тажрыйбалар пилоттолот.
 
Аталган Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүнүн алкагында “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлөт – региондор үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутууну баштоого мүмкүндүк берүүчү имараттар реконструкцияланат, окуу-өндүрүштүк комплекстер жабдылат. Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен камсыздалат-деп айтылат. 
 
Реконструкциялоо иши 8 айдын ичинде аягына чыгарылышы керек.
 
Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин алты колледжде – Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде, Т.Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжде, К.Скрябин атындагы КУАУнун Агро-өнөр жай колледжинде, С.Нааматов атындагы НМУнун Агро-экономикалык колледжинде, ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендерлер жарыяланат жана подрядчы компаниялар аныкталат деп күтүлүүдө. Долбоорлоо боюнча компания аталган 6 объекттин долбоордук-сметалык документтерин түзүү боюнча ишти улантууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter