У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тойдо ок чыгарган жаман адат табышты, дагы 1 ээн башты аныкташты


Үлпөт тоюнда тапанчасы менен ок чыгарган күйөө баланын өздүгү такталды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
 
Кечээ социалдык тармактарда колуктусу менен парктын ичинде жүргөн күйөө бала үч жолу ок чыгарган видео тараган. Аталган факт Жоруктар кодексининин 121-беренеси менен ("Калк жашаган аймакта ок атуучу курал менен атуу") катталган. 
 
“Видео 19-сентябрда Кара-Балта шаарындагы парктардын биринде тартылган. Ок чыгарган жаран Панфилов районунун 29 жаштагы Ч.М. аттуу тургуну экени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
 
Бул өлкөдө катталган биринчи учур эмес, август айында жана сентябрдын ортосунда дагы үлпөт тойдо тапанча менен асманга аткан күйөө баланын достору кармалган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter