У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Кыргыз Темир Жолу» Орусияга сатылып кетүү коркунучунда турабы?..

Өмүр бою «Кыргыз Темир Жолу» ишканасында эмгектенип келе жаткан Рахат Акматова 23-сентябрда нааразычылык акциясына чыгып, “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасы Орусияга сатылып кетүү коркунучунда турганын айтты. Ал буга чейин да аталган ишканадагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү коомчулукка ачыктап келген.  
 
"Урматтуу калайык калкым, Кыргызстандын жараны катары ушул кайрылууну жасаоону туура көрдүм. Биздин, Кыргыз мамлекетинин жападан жалгыз стратегиялык обьектиси Орусиянын колуна өтүп кетүү коркунучунда турат. Анткени 2020-жылы «Кыргыз Темир Жолу» ишканасына Василий Анатольевич Дашковду жетекчи кылып алып келип коюшту. Ал деген мурда мыйзамсыз иштер менен алектенип жүрөт деген маалымат булктарында айтылып жүргөн. Ошол Дашков келгенде, тез аранын ичинде эле Балыкчы-Кочкор-Каракече жолун курам деп онлайн жыйын өткөрүп, Орусия менен келишим түзгөн. Май майрамдары бүткөндө эле ачылат деген, мына сентябрь аяктап баратат, эмдигичи ал жол ачылган жок. Менин кабартырланганым, «Кыргыз Темир Жолу» ишканасын карызга батырып туруп, Орусиянын карамагына өткөрүп берүү коркунучу бар болуп жатат. Дагы айта кете турган жагдай, Василий Дашковдун баласы Дашков Данил Васильевич " Биримдик" партиясы менен депутаттыкка бара жатат. Бул эмне дегенди көрсөтөт? Бул деген «Кыргыз Темир Жолу» ишканасында коррупцияга жол ачылган дегенди көрсөтөт. Анткени ишкананын жетекчисинин баласы бийликтин партиясы менен депутаттыкка келиши темир жолдун кийинки келечегине коркунуч келтирет»,-деди Рахат Акматова. 
 
 “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Орусияга сатылат деген сөздөр өткөн жылы 28-март күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнө келеринен мурда айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жаралган эле.  
 
Ал эми, Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрь күнү «Биринчи радиого» берген маегинде: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна катышуу тууралуу Россия менен жогорку деңгээлде макулдашууларга жетишилгендигин, Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия ортосунда (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
 
“Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Бул долбоорду ишке ашырышыбыз керек. Эмне үчүн дегенде, кечээ илдет чыгып, пандемия башталганда чек аралар да жабылып, биз эң оор акыбалда калдык. Бир эле экономика эмес, элибизди тамак-аш, ун менен камсыз кылыш маселеси биринчи орунга чыкты. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк. Азыр эксперттер иштеп баштады. Жалпысынан кытай тараптын бул долбоорго кызыгуусу бар”, - деди президент. 
 
Кирешеси боюнча мамлекеттик ишканалардын сап башында болуп келген  «Кыргыз темир жолу»  ишканасынын кирешеси акыркы жылдары кесин азайып баштаган. Маселен, 2014-жылы 1 миллиард 200 миллион сомдон ашык киреше тапса, 2015-жылы болсо 700 миллионго киреше түшкөн. Ишкана 2018-жылы 514 млн. сом киреше тапса, 2016-жылы кире 500 миллион сомго түшкөнүн ua.kg жазып чыкты. 
 

Урматтуу калайык КАЛК , Кыргызстандын акыркы стратегиялык обьектиси КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ россияга кетип калуу коркунучунда ,себеби Дашковду алып келип коюшту , Дашковдун проектисинде Балыкчы-Кочкор темир жолун курууга Россиядан акча үмүт кылып отурат. Дашковдун баласы Дашков Даниил Васильевич " БИРИМДИК" ПАРТИЯСЫ МЕНЕН ДЕПУТАТКА АТ САЛЫШЫП БАРА ЖАТАТ.

Опубликовано Temir Mahmudov Среда, 23 сентября 2020 г.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter