У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алып баруучулар таймашы. "МУЗ-ТВ 2020" премиясын ким алып барат?

Орусия шоу бизнесинин жыл сайын өтүүчү эң сыйлуу премиясы "МУЗ-ТВ". Аталган премияны тапшыруу үчүн жыл сайын орус шоу-бизнесинин дөө-шаалары чогулуп, салтанаттуу иш чара менен коштолот. Көп жылдан бери салтанатты белгилүү алып баруучу Лера Кудрявцева алып барып келгендигинен улам, алып баруучуну "МУЗ-ТВ" премиясынын визиттик карточкасы деп аташчу. Бирок, быйылкы "МУЗ-ТВ 2020" премиясын алып баруу жоопкерчилиги Кудрявцевага эмес, Ольга Бузовага жүктөлдү. 

Мындай маалымат тараары менен Лера Кудрявцева нааразычылыгын айтып чыкты. Алып баруучунун айтымында аны алып баруучулуккан четтетилгенин эч ким өзүнө кабарлаган эмес. "Ушунча жылдан бери жан үрөп иштеп келген ишимдин акыбети ушул болду, канча жылдык эмгегим бааланган жок. Мага уюштуруучулар тобу бир ооз эскертип коюшса болмок. Чынын айтсам мындай чыккынчылыкты көп жылдар боюу иштешип келген телеканалдан күткөн эмесмин. Менин оюмча бул чыккынчылык", - дейт алып баруучу. 

Ал эми Ольга Бузова өз күйөрмандарына кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүшүп, ""Муз-ТВ" телеканалынын алып баруучусу болгонумду сыймыктануу менен кабарлайм. Бул салтанат өзгөчө болот. Баса, мени капа кылган сүйүктүү артисттер! Мен силерди сахнага чакырам, даяр болгула!" деген билдирүүсүн калтырган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter