У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаев: «Эсиӊиздерде болсун, баары кайра жабылат, кайра карантиндер болот»

Бүгүнкү күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө, ноябрь айында кырдаал кайра оорлошот. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасына жазды. 
 
«Жайында эпидемия түштүк жарым шаарга жайылган, ошол учурда ал жакта кыш болчу. Бразилия жана Чилиде кырдаал аябай оор болгон. Кыштын бир айында чакан мамлекет Перуда элүү миң адам өлдү. Бул абдан олуттуу көрсөткүч.
 
Ошондуктан, эсиңиздерде болсун, кайрадан баары жабылат, кайрадан карантиндер болот. Буга өтө олуттуу мамиле жасоо керек. Эӊ башкысы вирустун оор формасын жуктуруп алуудан сак болуӊуздар. Сактануу үчүн беткап кийип, аралыкты сактоо керек. Санитардык эрежелерди сактоо менен сиз өзүӊүздү жана башка адамдарды вирус жуктуруп алуудан сактайсыз. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө вирустан коргонуунун жалгыз жолу беткап тагынуу болуп жатат“, – деди Түлөбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter