У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Польша коронавируска каршы эффективдүү вакцинаны тапты

Польша коронавируска каршы эффективдүү вакцинаны иштеп чыкканын расмий түрдө жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
 
Маалыматка ылайык, вакцинаны Biomed компаниясы иштеп чыккан. Алар вакцинаны жасоодо коронавирус илдети менен ооруп айыккан адамдардын канын колдонушкан. Вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүү үчүн төрт: Люблин, Бытом, Белосток жана Варшава борборлоруна жөнөткөн. 
 
 «23-сентябрда вакцинаны өндүрүү иштери аяктады. Биз 3000 даана вакцинаны керектүү тесттен өткөргөндөн кийин, аларды клиникалык сыноого жөнөтөбүз. Ал эми жеке клиникалык изилдөөлөргө ушул жылдын аягында беребиз»,-деди компаниянын башкы жетекчиси  Марцин Пирог. 
 
Марциндин айткананына караганда вакцина коронавирус менен ооруп айыккан адамдардын канынан алынып жасалган. 
 
«Коронавирусту плазма менен дарылоо чечими ДСУ тарабынан кабыл алынган. Мындай ыкма бизде да колдонулууда. Ошондуктан бул вакцина коронавирусту айыктырууда дүйнөдөгү эӊ эффективдүү вакцина болот», -деди дарыгер Гжегож Челей. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter