У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Биримдик» №1. Талапкер Руслан Калматов: «Беш жылда бир келүүчү бийлигиңиздерди туура пайдаланыңыздар!»


ЖТР телеканалындагы шайлоо ѳнѳктүгүнѳ байланышкан дебатка «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын ЖК депутаттыгына талапкерлери Айнура Осмонова менен Руслан Калматов катышты. 
Анда талапкер Руслан Калматов партиянын «Кыргызстан – Евразиянын жүрѳгү» деген лозунгуна токтолуп, аны чечмелеп берди.

«Дүйнѳлүк картаны карасак, Кыргызстан кичинекей мамлекет экендигин кѳрѳбүз. Биздин ата бабаларыбыз Евразияда жайгашкан Алтай, Энесайда жашашкан. Географиялык жактан алып караганда, Кыргызстан Евразиянын, анын ичинде Борбордук Азиянын ортосунда  жайгашкан. Ошол үчүн Кыргызстан келечекте   Евразиянын жүрѳгү болот деген максатты алдыбызга коюп  атабыз. Биз Евразия, Борбордук Азиядагы ѳлкѳлѳр менен эриш-аркаксыз ѳнүгүп, ѳсѳ албайбыз», - деди. 

Партиянын программасына токтолгон жаш талапкер программанын  реалдуулугу, ишке аша тургандыгы менен башкалардыкынан айырмаланып турарын айтты. «Биздин партиянын курамында бир катар депутаттар, мамлекеттик, саясий ишмерлер, чыгаан инсандар, жигердүү, иш билги жаштар бар. Программабыз болсо куру, ооз кѳптүргѳн убадалар эмес, реалдуу, ишке ашчу платформа», - деди. 

Анын белгилѳѳсүндѳ, партиянын программасы 10 багыттан туруп, ѳзүнѳ эң биринчи кезекте социалдык маселелерди чечүүнү камтыйт. Атап айтканда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жумушсуздук, миграция, социалдык обьектилердин курулушу ж.б. Талапкер депутат болуп шайланып калса, аталган маселелерди оң жагына чечүүгѳ колдон келген аракеттерин кѳрѳ турганын ишендирип ѳттү. 

Ошону бирге талапкер шайлоого катышып жаткан  партиялар бийликке келүүнүн ар кандай амалдарын кылышып, ѳкүнүчтүүсү,  элдин тынчтыгын, ѳлкѳдѳгү стабилдүүлүктү кѳп ойлобой жатышканын белгилеп, шайлоо ѳнѳктүгүн таза, мыйзамдуу ѳткѳрүүгѳ чакырып кетти. 

Дебаттын аягында талапкер шайлоочуларга кайрылды: «Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештер! Алдыда ѳлкѳнү ѳзгѳртүүчү шайлоо турат. Шайлоо – бул тандоо. Элдин каалоосун, үмүтүн канчалык деңгээлде колдоно алабыз? Маселе ушунда. Беш жылда бир келүүчү колуңуздардагы бийликти туура пайдаланып, татыктууларга добушуңуздарды берип, туура тандоо кылыңыздар! Бюллетендеги №1 «Биримдик» партиясына добуш бериңиздер!». 
 
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter