У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Качанкыга чейин шылдың, шерменде боло бересиз?

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго оңтойсуз суроолор…
 
- Дастан Артисбекович, кадыры калбады дегенди кандай түшүнөсүз? Ат бир мүдүрүлгөн жерин кайра баспайт. Сиз тилиңизден чалына бергенди өнөр көрөсүзбү? Же болгон деңгээлиңиз ушулбу? Тилиңиз келбесе, жок дегенде кайра-кайра кайталап, тилиңизди жатыктырып, жаттап алганга да чамаңыз келбейби?
 
Мамлекеттин эң жогорку кызматын аркалаган экинин бири экениңизди качан түшүнөсүз? Деги Жогорку Кеңештин төрагалыгына өзүңүздү татыктуумун деп эсептейсизби? Качанкыга чейин шылдың, шерменде боло бересиз? Тилекке каршы, өзүңүздү эле эмес, мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрүп жатканыңызды сезесизби? Элдин бийликке болгон ишенимин тебелеп, жокко чыгарып жатканыңыз үчүн уяласызбы? Уят-сыйыт тууралуу түшүнүк сизде жашайбы? 
 
Эң кур дегенде, түз эфирде эл алдында 10 сүйлөм жат жазуу жазып, өзүңүздүн сабаттуу экениңизди далилдөөгө кудуретиңиз жетеби? Жетпесе, Жогорку Кеңештин төрагалыгына татыксызмын, кенедей жармашып жатып шермендем чыкты, болду жетишет деп кызматыңызды тапшырып бере аласызбы? Ак же көк деп жооп берип коюңуз?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter