У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канадада коронавирустун 2-толкуну башталды. 1 күндө миңден ашуун адам вируска чалдыкты



Канадада коронавирустан 2-толкуну башталганын аталган өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо маалымдады. Анын айтымында абал жаздагыга караганда оорураак болот.

Ал 13-мартта өлкөдө обочолонуу режими алгач жарыяланганда болгону 47 адамга коронавирус жукканы аныкталганын, ал эми өткөн шейшембиде бир күндүк көрсөткүч миң кишиден ашканын салыштырды.

«Биз бүгүнкү же кечээги, жада калса эртеңки сандык көрсөткүчтөрдү өзгөртө албайбыз. Алар эки жума мурда биз жасаган же жасабай койгон аракеттерден көз каранды. Бирок биз октябрда же кышта түзүлчү кырдаалды өзгөртө алабыз», - деди Трюдо 23-сентябрдагы видеокайрылуусунда.

Ал ошондой эле 12-октябрдагы «Ыраазычылык күнүн» канадалыктар жапырт чогулуп белгилей албай калышы ыктымал экенин да кошумчалады. Ошол эле учурда өкмөт жарандарды жана экономиканы колдоо үчүн талап кылынгандын баарын жасай турганын айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter