У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пандемиядагы кредиттер кайда?


«Ковид 19» дүйнө жүзүн паникага салып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий пандемия деп атады. Жалпы болжол менен дал ушул пандемиядан 10 миңден ашык жарандарыбыздан айрылдык.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылгазиев, орун басары Кубатбек Боронов мындай апааттын алдын алганча эл эсебинен карыз алып, 4-октябрь күздөгү парламенттик шайлоого активдүү даярданып жатат. Дары-дармек асмандын башына чыкты. Бир клексан дарысы 100 долларга чыгышы эмне деген пайда? Эл өзүн-өзү багып, кыйынчылык башта турганда, Сооронбай Жээнбеков башында турган бийлик карыз, грант кылып жалпы суммасы 500 млн доллар сырттан акча алышты. Албетте, мамлекеттин эсебинен. Эми бул акчаларды карапайым калк, эл төлөйт.
Ал эми бийлик болсо бир тарабын Асылбек Жээнбеков жетектеген «Биримдик» партиясын, бир тарабын атактуу миллион Райымбек Матраимов сүйрөп бараткан «Мекеним Кыргызстан» партиясын парламентке алып келүү менен алек. Бүт дүйнө карайлап пандемия маалында бардык ич чара онлайн форматта болуп жатканда, биздин бийлик массалык шайлоо өнөктүгүн өткөрүп, добуш алуу үчүн жолугушуулардын өтүп жатышы элди отко куйкалаган менен барабар эмеспи. 

Бердибек уулу Бейшен


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter