У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көбөйө баштады. Сутка ичинде 127 киши вирус жуктуруп, 101 адам сакайды


Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 101 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 127 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):
  • Бишкек шаары – 15;
  • Ош шаары – 13;
  • Чүй облусу – 9;
  • Ош облусу – 17;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 20.
Ал эми илдетти илештиргендер төмөнкү аймактарда болду:
  • Бишкек шаары — 19;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош облусу – 38;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 4;
  • Жалал-Абад облусу – 20;
  • Баткен облусу – 29.
Ошондой эле стационарларда 591 бейтап медициналык жардам алып жатат. Ал эми 1651 киши үйүнөн дарыланууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter