У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Биримдик» саясий партиясынын Жаштар канаты жаш инноваторлорду колдойт


«Биримдик» саясий партиясынын Жаштар канатынын лидерлери Нарындын активдүү жаштары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуу штаб жетекчилери тарабынан ачылып, сөз "Биримдик" саясий партиясынын Жаштар канатынын лидери Махмуд Ойтемировго берилди. Махмуд Ойтемиров иш-чарага чогулган жаштар менен жылуу учурашып, “Биримдик” саясий партиясынын идеологиясына жана алдыга коюлган максаттарга кененирээк токтолду.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Жаштар канатынын мүчөлөрү Улан Усенов жана Байголопов Рустам Жаштар канатынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Нарын облусу боюнча “Биримдик” партиясынын жаштар канатынын өкүлүн дайындоо, активдүү жаштар менен биргеликте иш алып баруу тууралуу маселе талкууланып, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жаш инноваторлорду колдоо боюнча жигердүү иш-аракеттер улантыла турганы белгиленди. Нарындын жаш активисттери

“Биримдик” саясий партиясынын Жаштар канаты мамлекеттик жаштар саясатынын жаңы деңгээлин көрсөтүп жаткандыгын белгилешип, алардын ишмердүүлүгүн толугу менен колдоп, биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билгизишти. Мындай жолугушуу дагы бир жолу жаштарды, алардын максаттарын билүү жана аларды кыйла дымактуу ишкердүүлүккө мобилизациялоо маанилүүлүгүн көрсөттү.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter