У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кубатбек Боронов: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – Өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн приоритеттүү багыттарынын бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө өткөн кезектеги брифингде билдирди.
 
 «Бүгүн бүткүл республика боюнча Мамлекеттик тил майрамы белгиленип жатат. Улутубуз үчүн – улуу майрам. Мамлекеттин негизги символдорунун бири – бул тил. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети кабыл алган мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамы ошол мезгилдин эң чоӊ жеӊиши болгон. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – Өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири. Тил мыйзамынын 2-беренеси боюнча Өкмөт тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү. Бул багытта жана мамлекеттик тилди санариптештирүүнүн алкагында Өкмөт тарабынан жарандардын тилди билүү деңгээлин аныктай турган Кыргызтест системасы түзүлүп, мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеген бардык кызматкерлер сынактан өтүүдө. Бүгүнкү күндө 20 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тестирлөөдөн өттү», - деп билдирди Премьер-министр.  
 
 Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө шарт түзүү максатында «Тил-тест» вебпорталы иштеп жатат. 
 
 «Тил мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан шарттар түзүлүп, иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат. Учурда 2021-2025-жылдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы иштелүүдө», - деп жыйынтыктады Кубатбек Боронов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter